• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Манасчылардын чыры. Кырдаалды иликтөө үчүн комиссия түзүлдү

10 Бештин айы 202512:32 Бишкек Govori.TV

«Манас» театрындагы кырдаалды иликтөө үчүн комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, 9-декабрда социалдык тармактарда Кыргыз улуттук «Манас» театрында бир катар манасчылардын ортосунда чыр-чатак чыккандыгы тууралуу маалыматтар чыккан.

Аталган жагдайды жеринде тактап, объективдүү баа берүү максатында министрлик атайын комиссия түздү.

Иликтөө толук бүткөн соң, коомчулукка анын жыйынтыктары боюнча маалымат берилет.

Количество просмотров: 198