• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Токмокто кудук казып жаткан үч киши каза болду, дагы экөө оор абалда

27 Кулжа 2022 9:10 Бишкек Govori.TV

Токмокто 18 метрлик кудук казып жаткан үч киши каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя Жантаев көчөсүндө жайгашкан курулуш материалдарын саткан короонун ичинде болгон.

“Кудукту казуу учурунда эң терең жериндеги киши аба жетпей эс-учун жоготкон. Ал байланышка чыкпай калгандыктан экинчиси ылдый түшүп, ага да аба жетпей кулаган. Натыйжада экөө тең каза болгон. Кийин ошол жерде иштеп жаткан дагы үч киши аларга жардам берейин деп кудуктун түбүнө түшкөн. Тилекке каршы, алар дагы аба жетпей сыртка чыга албай калышкан. Жерине ӨКМдин куткаруучулары келип беш кишини сыртка алып чыккан. Алардын экөө тирүү (33 жана 23 жаштагылар), үчөө каза болуп калган (42, 40, 35 жаштагылар)»,-деп айтылат маалыматта.

Жабыркагандарды Тез жардам кызматы Токмок шаардык ооруканасына жеткирген. Ал эми маркумдардын сөөктөрү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Кошумчалай кетсек, кудуктун тереңдиги 18 метр, туурасы 1 метрди түзөт. Күбөлөрдүн айтуусу боюнча, кудукту казып жаткан учурда тереңдиги 10 метрге жеткенде дизельдик майдын жыты пайда болгон. Себеби жанында күйүүчү майды сактоочу база жайгашкан.

Количество просмотров: 3819