• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Кайра шайлоо: БШК Муртазалиевдин талапкерлигин каттоону жокко чыгарды

9 Жалган куран 2022 20:00 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер Муртазалиевдин үстүнө келтирилген айыптарды карап, анын талапкерлигин каттоону жокко чыгарды.

БШКнын мүчөлөрү укук коргоо органдарынын маалыматын эске алуу менен Муртазалиевдин талапкерлигин каттону жокко чыгаруу чечимин бир добуштан кабыл алды.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында башка да талапкерлерге карата келип түшкөн арыздар бар, аларды толук карап бүткөн соң гана Свердлов округдарында шайлоонун жыйынтыгы тууралуу сөз болмокчу.

Жыйында укук коргоо органдарынын өкүлүнүн маалыматы угулду. Анда айтылгандай, тергөөнүн жүрүшүндө добуш сатып алууга айыпталып жаткан жаран талапкердин атасы Шамил Муртазалиев менен бир нече жолу сүйлөшүп, WhatsApp аркылуу талапкердин ишенимдүү адамдары менен да кат алышканы белгилүү болду.

Талапкер Мураталиев өзүнө коюлуп жаткан айыптардын баарын жалган деп эсептейт.

«Бул азыркы жаралган маселе мурунтан бери эле пландалган деп айта алам», — деди ал.

Эске салсак, Бишкек шаарындагы Свердлов шайлоо округунан депутаттыкка талапкер болгон Шайлообек Атазов алдын-ала жыйынтыктар боюнча аталган округда жеңишке жеткен атаандашы Абдурахманхажи Муртазалиевди добуш сатып алууга айыптаган болчу.

21-февралда Бишкек милициясы добуш сатып алууга аракет көргөн эки жаран кармалганын, алар Свердлов районунан шайлоого катышып жаткан талапкердин (Мутазалиевдин) үгүтчүлөрү экенин билдирген.

Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралдагы кайра шайлоо өтүп, автоматташтырылган эсептөө системасынын жыйынтыгы боюнча Биринчи май округунда Элвира Сурабалдиева, Свердлов шайлоо округунда Абдурахманхажи Муртазалиев алдыга чыккан.

Количество просмотров: 1793