Бишкектин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоодогу добуштарды кол менен эсептөө аяктады. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Биринчи май округу боюнча:
Эльвира Сурабалдиева — 47,97%;
Нурбек Тотонов — 18,43%;
Нурбек Токтакунов — 5,55%.
Свердлов округу боюнча:
Абдурахманхаджи Муртазалиев — 19,52%;
Шайлообек Атазов — 18,10%;
Аскар Алмаз уулу — 14,06%.
Белгилей кетсек, кайра шайлоонун жыйынтыгы 12-мартка чейин чыгат.