• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Кайра шайлоо: Эки округда шайлоочулардын 15,39% добуш берди

27 Бирдин айы 202216:54 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкек шаарындагы бир мандаттуу эки шайлоо округунда саат 16.00го карата добуш бергендер тууралуу маалымат жарыялады. Ага ылайык, жалпысынан 33 812 адам (15,39%) добуш берүүгө келди.

Шайлоочулар Свердлов округунда активдүү болууда, тактап айтканда 21 202 адам (19.90%) добуш берди. Биринчи май окуругундагы добушканаларга 12 610 (11.15%) шайлоочу келди.

Азырынча добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир эткен олуттуу мыйзам бузуулар тууралуу маалымдала элек.

№27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдарында бүгүн, 27-февралда кайра добуш берүү өтүп жатат.

Количество просмотров: 112