• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кайра шайлоо: Саат 16:00гө карата 132 миң 139 шайлоочу добуш берди

11 Теке 2021 16:58 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-июль, саат 16:00гө карата Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоодо 132 миң 139 адам добуш берди. Бул тууралу БШКнын сайтында жазылат.

Ага ылайык, ал жалпы шайлоочулардын 21,40%ын түзөт.

Аталган шаарларда шайлоочулардын тизмесине жалпы 617 миң 517 жаран киргизилген.

Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоого 18, Токмок шаардык кеңешке 6, Оштукуна 8 саясий партия катышууда.

Эскерте кетсек, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш сатып алуу фактылары аныкталып, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өткөн шаардык кеңештеринин шайлоосунун жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Мындан улам шаардык кеңештерге депутаттарды кайра шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна белгиленген.

Количество просмотров: 76