• Дүйшөмбү 1 Теке 2024
  • Понедельник 1 Июль 2024

Кайра шайлоо: Талапкерлерди көрсөтүү аяктады

31 Бугу 2024 11:36 Бишкек Govori.TV

30-майда №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди көрсөтүү аяктады.

БШКнын маалыматы боюнча, жалпы 44 жаран арыз берген. №5 Ноокат округу боюнча 12 талапкер, анын ичинен 1 аял, №36 Ысык-Көл округу боюнча 20 талапкер жана №29 Свердлов округу боюнча 12 талапкер.

Талапкерлер 2-июнь кечке чейин документтерин тапшырышы керек. БШК талапкерлердин мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн карап чыгып, 10-июнга чейин депутаттыкка талапкерлерди каттоону жүргүзѳт.

10-июндан тартып шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү иштери башталат. Шайлоо 30-июнда өтөт.

Количество просмотров: 87