• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

БШК Атазовду мандатынан ажыратты

8 Бугу 2024 9:28 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы Шайлообек Атазовду №29 Свердлов шайлоо округу боюнча шайланган Жогорку Кеңеш депутаты деп таануу тууралуу чечимин жокко чыгарды.

БШК 7-майдагы отурумунда мындай бүтүмгө соттордун чечимдерин аткаруу максатында келгени белгиленди.

Жогорку сот 30-апрелде Атазовдун мандат маселесине байланыштуу буга чейинки эки инстанциянын токтомун жокко чыгаруу боюнча арызын карап, Атазовду мандаттан ажыраткан чечимди күчүндө калтырган.

Бишкектин административдик соту 1-мартта 2022-жылдын февраль айында Бишкектин №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен мандат алган Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарган.

Ага ылайык, Бишкектин административдик соту ушул эле округдан 2022-жылы шайлоого катышкан Абдурахманхажи Муртазалиевге мандат берүү токтомун чыгарган.

Атазов мандатын жокко чыгарган сот чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

2022-жылдын 27-февралында Бишкектин Свердлов району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо өткөн. Анда шайлоону Абдурахман Муртазалиев алдыга чыгып, Шайлообек Атазов экинчи орунду алган. Бирок милиция Муртазалиевдин тарапташтары делген адамдарды добуш сатып алууга шектеп кармаган. Мындан улам Борбордук шайлоо комиссиясы Муртазалиевди депутаттыкка талапкерлердин катарынын чыгарган. Натыйжада Атазов депутат болуп келген.

Муртазалиев милиция кармаган адамдарга өзүнүн тиешеси жок экендигин айтып чыккан. Ал БШКнын чечимдерин жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылып, бирок бардык инстанциядагы соттор анын өтүнүчүн канааттандырган эмес.

Быйыл 21-февралда Муртазалиевдин жактоочусу Таалайкүл Токтакунова БШКга кайрылып, Атазовдун депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуп, мандатты Муртазалиевге берүүнү суранган. Ал кайрылуусунда милиция добуш сатып алууга шектеп кармаган адамдардын Муртазалиев менен байланышы жок экени Свердлов райондук сотундагы териштирүүдө аныкталганын билдирген.

Количество просмотров: 70