• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Кайра шайлоону коштогон чуу боюнча эл өкүлдөрүнүн пикири

31 Бугу 2023 13:07 Бишкек Govori.TV

28-майда №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын баштапкы маалыматтарына ылайык, добуш берүүгө 125 миңдей шайлоочунун 13,95% же, 17 423ү гана катышты. 29 талапкердин ичинен алдыга чыккан Ниязалиева 35%, же 6 242 добуш алган.

29-майдын түнүндө Дамира Ниязалиеванын шайлоо штабында тинтүү жүргүзгөндөн кийин эшигине мөөр басылган. Жактоочунун айтмында, тинтүү иши эки сааттан ашуун созулуп, кеңседен үч ноутбук жана 30 барак штабдын ишине байланыштуу документтерди алып кетишкен. Милиция кызматкерлери интернетте тараган аудио жазмадан соң кылмыш иши козголуп, тинтүү ошонун негизинде жүрүп жатканын маалымдашты.

Мунун алдында интернетте Ниязалиеванын добушуна окшош аялдын шайлоо штабынын кызматкери делген адам менен сүйлөшүүсү тараган. Алар кишилерди ташып келүү, акча берүү жана башка темаларды сүйлөшкөн. Ниязалиева ал видеодогу сөздөр чындыкка дал келбей турганын берген комментарийинде билдирип, аудиону «монтаж» деп сыпаттады.

Ал эми БШК териштирүү иштери жүрүп жатканын кабарлады. Кайра шайлоону коштогон чуу боюнча эл өкүлдөрүнүн пикирин уктук.

Количество просмотров: 64