• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Шайназаров: Шайлоодо бузуулар боюнча 28 кайрылуу келип түштү

11 Аяк оона 2023 14:32 Бишкек Govori.TV

№26 Ленин шайлоо округундагы шайлоо дайындалгандан баштап, жалпысынан 28 кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда Боршайкомдо өткөн маалымат жыйында БШКнын төрагасынын орун басары Тынчтык Шайназаров билдирди.

«Анын 11и шайлоого чейин, 3ү жымжырттык күнү, 14ү шайлоо күнү келип түштү. 21 арызды укук коргоо органдарына жөнөттүк. Алардын 8и добуш сатып алуу боюнча. Алар милицияда каралып, жалпысынан 21 арыз боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылды»,-деди Шайназаров.

Кошумчалай кетсек, 10-сентябрда Ленин шайлоо округу боюнча шайлоо өттү. Добуш берүү үчүн 51 шайлоо участогу ачылган.

Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесине 127 239 шайлоочу киргизилген. Анын ичинен 20169 шайлоочу же пайыздык ченем менен 15,85% добуш берүүгө катышты.

Шайлоого катышуу ниетин билдирип 24 талапкер каттоодон өткөн.

Количество просмотров: 385