• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Милиция Ниязалиеванын шайлоо штабын жаап, мөөр басып кетти

30 Бугу 2023 9:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык милициясынын тергөөчүлөрү №26 Ленин шайлоо округунан алдын ала эсеп боюнча алдыга чыккан Дамира Ниязалиеванын шайлоо штабында тинтүү жүргүзгөндөн кийин эшигин жаап, мөөр басып кетти.

Жактоочунун айтмында, тинтүү иши эки сааттан ашуун созулуп, кеңседен үч ноутбук жана 30 барак штабдын ишине байланыштуу документтерди алып кетишкен.

Милиция кызматкерлери интернетте тараган аудио жазмадан соң кылмыш иши козголуп, тинтүү ошонун негизинде жүрүп жатканын маалымдашты. Тергөөчүлөр штабга 29-майда саат 21:00дөрдө барган.

Саясатчы штабдын ачкычын таба албай жатканын айткандан кийин милиция анын жардамчысынын машинесин текшерген. Ачкыч табылбаган соң ИИМдин ыкчам аракеттенчү тобу келип, штабдын эшигин кескилеп ачкан.

Бишкек шаардык милициясы тинтүү тууралуу расмий кабар бере элек.

Мунун алдында интернетте Ниязалиеванын добушуна окшош аялдын шайлоо штабынын кызматкери делген адам менен сүйлөшүүсү тараган. Алар кишилерди ташып келүү, акча берүү жана башка темаларды сүйлөшкөн. Ниязалиева ал видеодогу сөздөр чындыкка дал келбей турганын берген комментарийинде билдирип, аудиону «монтаж» деп сыпаттады.

№26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын баштапкы маалыматтарына ылайык, добуш берүүгө 125 миңдей шайлоочунун 13,95% же, 17 423ү гана катышты. 29 талапкердин ичинен алдыга чыккан Ниязалиева 35%, же 6 242 добуш алган.

Количество просмотров: 259