• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кайра шайлоонун машакаты…

8 Кулжа 2021 17:55 Бишкек Govori.TV

Быйыл 11-апрелдеги жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп, анда добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонуу фактыларынан улам Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерге шайлоо жокко чыгарылган.  Кайра шайлоо 11-июлга дайындалган.

Шайлоого катышууну каалаган партиялардын арызын кабыл алуу 13-июнда аяктайт. Ага чейин аймактык шайлоо комиссиясынан ыйгарым укуктуу өкүлүн каттап, фондун ачып, курултайларын өткөрүп, тизмелерин тапшырышы керек.

Төлөгөн Айтикеев кошумчалагандай, кайталап шайлоого мыйзам бузган талапкерлер катыша албайт.

Кыргызстанда соңку жергиликтүү кеңештерге шайлоону уюштурууга бюджеттен 425 миллион сом жумшалган. Ал эми 3 шаардагы  кайра шайлоого БШКнын эсеби боюнча 40 миллион сом жумшалат.

Эксперттердин айтымында бул жолку шайлоодо БШК кайрадан каталар кетпөөсү үчүн кылдат аракет кылуусу керек. Болбосо шайлоону жокко чыгаруу Кыргызстанда илдет болуп калуусу мүмкүн.

Белгилей кетсек буга чейин кайра шалоону күздө өтчү дагы бир жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоо менен чогуу өткөрүү сунушталган. Айрымдардын айтмында бул ыкма менен өлкө казынасы аз да болсо чыгымга учурабайт. Деген менен Жогорку Кеңешке шайлоонун күнү дагы деле белгисиз болууда. Саясий чөйрөдө быйыл октябрь айында өтөт деп айтылганы менен датасы расмий бекитиле элек. Президенттин администрациясы муну жаңы шайлоо мыйзамдарын кабыл алуу зарылдыгы менен байланыштырды.

Количество просмотров: 121