• Шаршемби 14 Чын куран 2021

Кайрадан карантин киргизилеби? Министрликтин жообу

18 марта 2021 в 11:51 Бишкек Govori.TV

Карантин киргизүү маселеси эпидемиологиялык абалдан көз каранды болот. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 18-марттагы маалымат жыйында билдирди.

«Эгерде коронавирус жуктурган адамдардын саны көбөйсө жана калган адамдарга дагы коронавирус жугуу коркунучу жаралса, албетте, убактылуу чектөөлөрдү киргизүүгө туура келет. Өткөн жылы киргизилген биринчи чектөөлөр азырынча алына элек. Өзгөчө кырдаал режими алынган эмес», – деди Үсөнбаев.

Количество просмотров: 362