• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кайрадан өзгөчө абал киргизүү маселеси каралды

26 Кулжа 2020 10:31 Бишкек Govori.TV

Коронавирус оорусун жуктурган адамдардын саны өсүп жатканына байланыштуу кайрадан өзгөчө абал режими жарыяланабы деген суроолор көбөйүп жатат. Республикалык штаб бул маселени кечээки жыйында талкуулаган. Андагы чечимдер тууралуу 26-июндагы эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев айтып берди.

Премьер-министр Кубатбек Бороновдун жетекчилиги менен өткөн отурумда кайрадан өзгөчө абал режими жарыяланбай турганы тууралуу чечим кабыл алынган. Бирок бир катар талаптар коюлду.

«Кубатбек Бороновдун катышуусунда жыйналыш өтүп, эч кандай өзгөчө абал киргизуу зарылдыгы жок экени айтылды. Бирок бир канча тапшырмалар берилди. Мамлекеттик кызматкерлер арасында илдетти жуктуруп алгандар көбөйүп жаткандыктан, аралыктан иштөө сунушталат», — дейт министр.

Количество просмотров: 3420