• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кайрылмандар. Мекенге кайтуу

8 Бирдин айы 2021 11:50 Бишкек Govori.TV

Ар бир инсан үчүн Мекен — эн ыйык түшүнүктөрдүн бири. Дүйнөнүн кайсы бурчунду болбогун, оюнда туулуп, осуп жетилген жер дайыма элесинде болуп турат. Ал эми эн чон бакыт – көп убакыттан кийин Мекенге кайтып келүү.

Кыргыздар көчмөн болгондуктан жайлаган жери да кенен болгон. Азыр алар туракташып жашап калган жер, Кыргызстандан тышкары – Кытай, Афганистан, Туркия, Өзбөкстан, Тажикистан мамлекеттерин да камтыйт.

Мамлекетибиз көз карандысыз болгондон кийин, этникалык кыргыздар, тарыхый мекенине көчүп башташкан. Кайрылмандардын бирични толкуну 90-жылдарын башына туура келет, анткени ал убакытта Тажикистанда атуулдук согуш башталган эле. Анда бийлик мекендештирибизди кабыл алуу жаатында жеткиликтүү аракет жасаган эмес. Кайрылмандар өз күчүнө гана таянып жаны жерде, жаны турмуш кура баштаган.

Көп жылдар бою Нургул айым, курап бараткан уйдө, бир бөлмөдө ижарада жашап жатат. Тиричилик өткөрүш үчүн ар кайсы оор жумушга барууга мажбур.

Нургуль айым менчике уй алууга эч кандай мумкунчулук жок. Бирок мамлекет кайрылмандарга уй куруу учун жер тилкелерди акысыз берген учурлар кездешет.

5 жыл ичинде, Мады айылында мамлекеттен бөлүнгөн 80 жер тилкесинде, араң 10 үй курулган. Буга көптөгөн себептер бар, бирок негизгиси баарына түшүнүктү болуш керек.

Акыркы убакытта коронавируска байланыштуу, элдин тапкан акчасы кескин түрдө кыскарды. Өзгөчө кайрылмандарга бул илдет чон сокку болду.

Быйыл мамлекет биринчи жолу кайрылмандарга бекер жер берип, уй да куруп берди. Бул кубанычтуу окуя Алайдын биййик тоойнун, боюнда жайгашкан Талды-Суу айылында болду.

Жаратылыштын катаал шартына карабастан, памирлик кыргыздар жаны үйго көчкөнүнө кубанычта.

Кайрылмандардын кыргыз жергесинден толук кандуу жайгаштыруу жаатында, турак жай менен катар жумушка орношуу мумкунчулугу да болушу шарт.

Мамлекетибиздин мумкунчулугу чектелуу. Кайрылмандар үчүн курулган 1 үй албетте жетишсиз. Эми ошондо, топтолгон көйгөйлөрдү чечиш учун эмне кылыш керек? Бул суроо менен биз серепчилерге кайрылдык.

30 жылдан бери кайрылмандар өзу менен өзу калгандай. А чынында келгенде аларды Кыргызстанга кайтаруу, жана толук кандуу жайгаштыруу, бут мамлекеттин, коомчулуктун дагы көнүл борборунда болушу абзел. Анткени бул улуттук коопсуздуктун негизги маселелердин бири.

Количество просмотров: 348