• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кайрылмандар. Улут — каада-салты, менен гана улут!

9 Жалган куран 2021 12:31 Бишкек Govori.TV

Билим алууну көздөп келген кытайлык кыргыз, төкмө акын Мамбетокто Мамбеторозо уулу. Кыргыз жергесине 2013-жылы келген. Ата-тегинде төкмөлүк өнөр жок болгонуна карабастан бала кезинен тартып куюлуштура сүйлөп, 18 жашынан тарта эл алдында талантын көрсөтүп жүрөт.

Мамбетокто, Консерваторияга тапшыргандан кийин ага насаатчы — белгилүү акын жана аткаруучу Токтобек Асаналиев болуп келет.

Өзүнүн үрп-адатын сактап келгендер кытайлык кыргыздар менен гана чектелбейт. Башка өлкөдөн келген кайрылмандар да ошондой аракетте. Буга мисал жыл сайын өткөрүлүп келген көк-бөрү оюну.

Бул жолу оюндар Манас аэропорттун жанындагы талаада өттү. Салттуу майрамга бут Чүй өрөөнүнүн кайрылмандардын өкүлдөрү келишти

Улуттук суусундуктардын түрлөрү ар кандай эмеспи. Анын баардыгы табигый, ден соолука пайдалуу заттардан жасалат.

Эзелтеден бери кыргыз эли өзүнүн тамак — аш өнөрүн өз алдынча өнүктүрүп келген. Бүткүл улуттук шааң-шөкөттөр, этсиз, айран-кымызсыз, куурдаксыз өткөн эмес. Кийин буга аш да кошулган.

Көчмөн кыргыз элинин көк бөрү оюнун ата-бабаларыбыз илгертен ойноп, аздектеп, муундан муунга өткөрүп келет. «Көк бөрү» деген терминдин келип чыгышын — байыркы замандарда күчкө толуп турган кыргыздын балбан жигиттер кадимки эле бөрүнү чаап алып, талашып- тартышып ойногон деп айтышат.

Улут — каада-салты, менен гана улут болот эмеспи. Кайсы өлкөдөн кандаш, боордошторубуз келбесин алар баардыгы тен биздин үрп-адатыбызды аздектеп сактап келүүдө. Бир гана пайда болуп чыккан өзгөчүлүк —  аларды биз кокустан кайрылман деп атаганыбыз.

Количество просмотров: 130