• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кайрылмандар. Паспорт алуу машакаты (спецрепортаж)

15 Жалган куран 2021 11:14 Бишкек Govori.TV

Бир үйдөн экинчи уйгө көчкөн оор эмеспи. Башка өлкөгө көчүү ого бетер түйшүктүу нерсе. Ал учурда көптөгөн маанилүү документтер жоголгону кадыресе эле көрүнүш. Мындай учурда Кыргызстандын ар бир жараны жакынкы Тейлөө борборуна барып, иш кагаздарды кайра калыбына келтире алат. Ал эми кайрылмандар үчүн мындай учур накта трагедияга айланышы толук мүмкүн.

Жаны паспорту алуу кайрылмандардын эн башкы көйгөйлөрдүн бири. Бул себептен алар көптөгөн түйшүккө дуушар болуп жатышат. Эн өкүүнүчтүүсү кайрылмандардын документтер жок болгону, алардын балдарынын жашоосуна дагы чон кедерги тийгизип жатат.

Мамлекет сөз жүзүндө кайрылмандардын тарыхый мекенине кайтып келүүнү жарыялайт, бирок көптөгөн аткаминерлердин шалаакалыгы үчүн ал тилек реалдуу турмушта орундалбай келет.

2007 жылы кайрылмандарга арналган атайын мыйзам кабыл алынган, анда этникалык кыргыздардын укуктары камсыздалып, социалдык кепилдиги жазылган. Анын иш жүзүндө кандай аткарылып жаткандыгы жөнүндө эмки көрсөтүүбүздө кеп кылмакчыбыз..

Количество просмотров: 125