• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

«Kaktus.media» сайтына каршы митингдин катышуучулары «Клооптун» алдына кетишти

9 Бирдин айы 2022 12:35 Бишкек Govori.TV

Kaktus.media сайтына каршы митингдин катышуучулары Kloop агенттигинин имаратына кетишти. Алардын айтымында митинг ошол жерден уланат.

Белгилей кетсек, нааразычылык акциясына чогулгандар Kaktus.media сайтына айып пул салууну талап кылышты. Митингдин катышуучусу экс-депутат Турсунбай Бакир уулунун айтымында митингчилер журналисттердин абакка кесилишин каалашпайт.

Эске салсак, буга чейин 28-январда Kaktus.media редакциясынын жанында митинг өткөн. Митингдин катышуучулары басылманы жабууну талап кылышкан, анткени журналисттер кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал тууралуу тажикстандык «Азия плюс» сайтынын маалыматын кайра басып жайгаштырган. Кийинчерээк Башкы прокуратура чек ара тилкесиндеги куралдуу жаңжал тууралуу маалымат боюнча кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат тараткан. Маалымат каражаттарынын кызматкерлери Бишкек шаарынын прокуратурасына суракка чакырылды.

Количество просмотров: 98