«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму Kloop басылмасынын журналисттеринин массалык кармалышын айыптады.
«Клооп көз карандысыз маалымат каражатында иштеген кеминде 5 журналист 28-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан эч кандай негизсиз жана алардын адвокаттары менен байланышуусуз үйлөрү тинтилип, өхдөрү кармалган. RSF бул мыйзамсыз аракеттерди айыптайт жана аларды токтоосуз бошотууну талап кылат», — деп билдирет уюм.
Эске салсак, кечээ, 28-майда «Клооптун» оператору Александр Александров жана мурунку кызматкери Жоомарт Дуулатов 48 саатка кармалды. Басылманын журналисттери Айдай Эркебаева, Зыягүл Болот кызы жана мурунку кызматкери Зара Садыгалиева сурак берип чыкты.
Укук коргоо органдары азырынча комментарий бере элек.
28-майда эртең менен басылманын Оштогу кабарчысы Зыягүл Болот кызынын, кийинчирек Бишкектеги оператору Александр Александровдун үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлгөнү маалым болгон.