• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Kloop басылмасынын дагы бир журналисти сурак берип жатканы айтылды

28 Бугу 202518:51 Бишкек Govori.TV

Kloop басылмасы дагы бир журналист Айдай Эркебаева Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте сурак берип жатканын кабарлады.

Маалыматта, аталган басылманын мурдагы журналисти, 2023-жылы кызматтан кеткен Зара Сыдыгалиева да Бишкектеги Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде сурак берип жатканы айтылат.

Буга чейин «Клооптун» журналисти Зыягүл Болот кызынын Ош шаарындагы үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, андан соң ал суракка алынганы маалымдалган. Кийинчерээк Kloopтун Бишкектеги оператору Александр Александровдун үйү да тинтилип, УКМКга суракка алынганы белгилүү болгон.

Азырынча себептери белгисиз.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул жагдай боюнча комментарий бере элек.

Количество просмотров: 235