Бишкектеги мурдагы «Эльдорадо» соода жайынын ордуна ачылган Калкты тейлөө борборунда эмдөө пункту ачылды. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган борбордо 41 кызматкер иштейт, алар күнүнө 1 000-1 200 кишини тейлейт.
«Жарандар убактыларын үнөмдөө менен борборго документин алганы келип эле эмдөөдөн да өтүп алышат», — деп айтылат штабды
Белгилей кетсек, тейлөө борбору Жибек Жолу, 381 дарегинде жайгашкан.