• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Матраимовго таандык имарат калкты тейлөө борборуна айланды

9 Чын куран 2021 11:07 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги “Эльдорадо” соода борборунун имараты Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты тейлөөчү борборго айланды.

Маалыматка ылайык, анын ачылышы бүгүн, 9-апрелде өттү.

Эске салсак, 24-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке келтирген чыгымды төлөгөнүн, анын бир бөлүгүн кыймылсыз мүлк катары кайтарып бергенин айткан эле. Бир нече батир менен кошо Матраимов Бишкектеги Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашкан «Эльдорадо» соода борборун мамлекетке берген. Матраимов азыр коррупцияга жана кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга байланыштуу айыпталып, №47 абакта жатат.

Количество просмотров: 126