• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Калктын аялуу катмарларына жөлөкпулдун өлчөмү көбөйтүлдү… (тизме)

16 Бугу 2022 14:06 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 107 миң үй-бүлө, анын ичинен 349 миң бала “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулуна кошумча 1 млрд 191 млн сом каралды.

“2022-жылдын 1-июнунан тартып аталган жөлөкпулдун өлчөмү 50 пайызга көбөйтүлдү. 16 жашка чейинки балдары бар муктаж үй-бүлөлөр үчүн жөлөкпулдун өлчөмү 810 сомдон 1200 сомго чейин жогорулатылды”, — дейт ал.

Базарбаев мындан сырткары, төмөнкү категриялар боюнча жөлөкпул көбөйтүлгөнүн айтты:

  • жалпы оорудан I топтогу майыптыгы бар адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпул – 2500 сомдон 5500 сомго чейин;
  • жалпы оорудан II топтогу майыптыгы бар адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпул – 2000 сомдон 3000 сомго чейин;
  • жалпы оорудан III топтогу майыптыгы бар адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпул – 1500 сомдон 2000 сомго чейин;
  • ата-энесинин биринен айрылган балдарга ар айлык социалдык жөлөкпул – 2000 сомдон 3000 сомго чейин;
  • баатыр энелерге ар айлык социалдык жөлөкпул – 2500 сомдон 3000 сомго чейин;
  • улгайган жарандарга ар айлык социалдык жөлөкпул – 1500 сомдон 2000 сомго чейин көтөрүлдү.

Эскерте кетсек, 14-майда президент Садыр Жапаров “Калктын аялуу катмарларынын айрым категорияларына мамлекеттик колдоону күчөтүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Количество просмотров: 200