• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024
Kalmira BILIMBEK KYZY (KGZ)

Калмира Билимбек кызы дүйнө чемпионатынан коло медаль утту

18 Баш оона 2023 17:41 Бишкек Govori.TV

Амман шаарында өткөн дүйнө чемпионатында (U20) кыргызстандык балбан Калмира Билимбек кызы коло медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана сот департаменти билдирди.

Ал 59 килограммга чейинки салмак категориясы боюнча күч сынашты.

Кыргызстандык балбан кыз 1/16 финалда өзбекстандык спортчуну 11:1, 1/8 финалда казакстандык кызды 8:1 эсебинде артта калтырган. Чейрек финалда япониялык балбанды 10:0 эсебинде утуп, жарым финалда нейтралдуу желек менен чыккан Алеса Гетмановага утулуп калган. Бирок атаандашы финалга чыккандыктан коло байге үчүн күрөшүүгө жолдомо алган.

Бул беттеште түркиялык балбан кыз менен кармашып жеңишке жетти.

Количество просмотров: 93