• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

«Калыс журналисттер көп болсун». Президент ЖМК өкүлдөрүн басма сөз күнү менен куттуктады

7 Жетинин айы 2021 10:13 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалат.

Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү:

“Жалпыга маалымдоо каражаттарынын урматтуу өкүлдөрү!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Ааламдашуу заманында сиздер эмгектенген тармак жашоонун ажырагыс бөлүгүнө айланып, журналисттердин коомду агартуудагы ролу ого бетер артты.

Мындай шартта жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин коом турмушунда болуп жаткан окуяларды чагылдыруудагы жоопкерчилиги дагы күчөйт.

Ата-бабаларыбыз “Айтылган сөз – атылган ок” деп таамай белгилегендей, кыргыз эли үчүн айтылган ар бир сөздүн салмагы, мааниси, таасири өзгөчө, ал бүгүнкү күндө дагы өз касиетин жоготпой күчүндө турат.

Өнүгүүнүн демократиялык жолун тутунган Кыргызстандын коомдук турмушунда болуп жаткан окуялар менен көйгөйлөр ачык-айкын чагылдырылмайын, өлкөбүздү илгери сүрөө кыйын. Ошондуктан, биз айкын коомду куруу максатыбыздан тайбайбыз.

Бул максатты ишке ашырууда өз ой-пикирин айтууга жана басма сөз эркиндигине болгон укуктар жаңы Конституцияда бекемделгендиги жалпыбызга маалым.

Бийлик менен элди маалымат айдыңында байланыштырып, көпүрөлүк милдетти аркалаган басма сөз кызматкерлери өлкөбүздүн эркиндигин, демократиялуулугун жана ачык-айкындыгын чыңдоого салым кошуп келе жатышат.

Эл арасында, коомчулукта ынтымакты сактоого өбөлгө болуу менен бирге, коомдук талапты тереңден түшүнгөн, жаңы багыт, жаңы идея, жаңы көз караштагы кабарларды даярдаган алдыңкы журналисттердин орду өзгөчө.

Урматтуу журналисттер!

Баарыбыздын изги тилегибиз – ыйык Ата Журтубуз  Кыргызстанды өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошуу. Кыргыз Республикасын эл аралык коомчулукка таанытуу, аброюн көтөрүү, мамлекетибиздин жетишкендиктери менен ийгиликтерин дүйнө жүзүнө жеткирүүдө ЖМК өкүлдөрү бийик жоопкерчилик менен иш алып барат деген бекем ишеничтемин.

Дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм. Баарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакубат жашоо каалайм.

Калемиңер курчуп, жазган ар бир маалыматыңар чыгармачыл эргүүдөн жаралып, өлкөбүздүн жакшылыгына, өнүгүүсүнө багытталсын.

Эркиндикти туу туткан өлкөбүздө көз карандысыз ой жүгүрткөн, калыс журналисттер көп болсун!”,-деп айтылат куттуктоодо.

Количество просмотров: 182