• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

“Калыш же кетиш керек”. Жаштар форум өткөрдү

22 Бештин айы 2020 15:27 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-декабрда «Калыш же кетиш керек» деген аталыштагы жаштардын форуму өтүүдө. Ага юристтер, жарандык активисттер жана региондордон келген активдүү жаштар катышып жатат.

Форумдун уюштуруучуларынын бири Улан Үсөйүндүн айтымында, жаштардын башын бириктирген мындай форум ушуну менен үчүнчү жолу өтүп жатат.

«Иш-чаранын башкы максаты өсүп келе жаткан муунга Кыргызстанда да мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтып, аларды өлкөдө калтыруу. Өлкөдө акыркы жылдары чет жакка кеткендер көбөйдү. Бактылуу адам Кыргызстанда болобу же Америкадабы, Марстабы, бактылуу боло алат. Жаштар коомубуздун келечеги, жакшы жашоо үчүн күрөшүшүбүз керек»,-деди ал.

Форумга спикер катары чакырылган юрист Сания Токтогазиева мыйзамдуулук тууралуу жаштарга маалымат бергенин кошумчалады.

Кыргызстандык мигранттардын 70 пайызы – 28 жашка чейинки жаштар. Өлкөдөгү жумушсуздуктан жыл сайын чет жакка ооп аткан жаштар cаны көбөйүү гана үстүндө. Мындан улам коомчулукта билимдүү жаштарды чет жерге кетирбей, Кыргызстанда жумуш орун менен камсыз кылыш керек деген пикирлер айтылып келет.

Количество просмотров: 77