• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Жапаров Бишкекте өткөн «Кыялымдагы Кыргызстан» жаштар форумуна катышты 

28 Жетинин айы 2023 17:59 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкекте өтүп жаткан «Кыялымдагы Кыргызстан» республикалык жаштар форумунда сөз сүйлөдү.

Чогулгандар менен саламдашып, мамлекет башчысы бул улуттук форум жооптуу мамлекеттик түзүмдөр менен биргеликте жаштардын жашоосуна тиешелүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулоо үчүн абдан ылайыктуу аянтча экенин белгиледи.

Садыр Жапаров 2021-жылдын январь айында президенттикке талапкер кезинде өзү демилгелеген ушул форумду жана жаштар менен жолукканын эске салды.

“Ал форумдан бери биз жетишкен натыйжалардын баарына токтолуп отурбайын. Эң негизги жетишкендик катары саясий коррупциядан арылууга токтолгум келип турат. Эсиңиздерде болсо керек, шайлоо учурунда мен элибизге коррупция менен аёосуз күрөш баштоого убада берген элем. Биз үч жылда “Кумтөрдү” кайтарып алдык, бюджеттин киреше бөлүгүн дээрлик эки жарым эсеге көбөйттүк, ар бир жарандын чөнтөгүнө кол салып, бажы системасын ээлеп, салыктын көбүн сүлүк курттай соргон мафиянын жүзүн ашкереледик. Мен мамлекет башчысы болуп шайланганда, бул мафия “бардыгы мурдагыдый кала берет, ал тургай, мурдагыдан дагы көбүрөөк ынтаа менен өлкөнү тоной беребиз” деген ишеничте болгон.

Биздин либералдардын көбү, шаардык жаштар жана эл аралык коомчулуктун көбү да ушинтип ойлошкон. Бизге карапайым эл гана ишенди, колдоду. Алардын ишенимине, үмүтүнө, албетте, суу сепкен жокпуз, аларды саткан жокпуз. Мен эл үчүн иштешим керек деп эбак эле чечкем”, — деп белгиледи президент.

Мамлекет башчысы учурда мамлекеттик карыздын рекорддук көлөмү ишенимдүү түрдө төлөнүп жатканын өзгөчө белгиледи. Мындан тышкары, айлыктарды, пенсияларды, жөлөк пулдарды бир нече эсеге көтөрүүгө жетишилди. Армиябыз күчтөндү. Экономиканын дээрлик бардык тармактары үчүн жаңы техника сатылып алынды.

“Чынында эл мени бийликке алып келгенде мамлекетибиз мынчалык терең кризиске кептелгенин, биздин командага мамлекеттин негизги функцияларын калыбына келтирүүгө мынчалык көп убакыт талап кылынарын элестеткен эмесмин. Конституциялык реформа жүргүзүлүп, Өкмөттүн Аппараты Президенттик Администрацияга бириктирилди. Облус жетекчилери ротацияланды. Ашыкча бюрократизмге, керексиз кадрларга каршы күрөш жүргүзүлдү. Азыр мен үчүн эң негизги маселе – жаңы жумуш орундарын түзүү жана арзан турак жайларды куруу. Кыргызстандын жаштарын эң көп түйшөлткөн маселелер дагы дал ушулар. Жаштарыбыздын татыктуу жумушка орношуусуна шарт түзүү – бул бүтүндөй элибиздин өнүгүүсүнүн эң ишенимдүү жолу. Майда-чүйдөсүнө чейин токтолбой эле коёюн, бирок көп жылдар бою сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп келген ондогон жаңы өндүрүштөр ачыла баштаарын жакында көрөсүздөр. Маселен, Ысык-Көлдө 1000 МВт күн электр станциясын куруу боюнча келишимге жаңы эле кол коюлду. Бул боюнча дүйнөдөгү эң ири энергетикалык компания болгон Кытайдын “China Power” компаниясы менен эки жарым жыл мурда сүйлөшүүлөр башталган”, — деп Садыр Жапаров айтып берди.

Ал дүйнө жүзү Кыргызстанда тартип орноп, мамлекет чыңдалып калганын көрөрү менен олуттуу инвесторлордун агымы бир нече эсеге көбөйгөнүнө басым жасады. Жыйынтыгында Тору-Айгыр айылында кубаттуулугу 1 гигаватт саат электр энергиясына ылайыкташкан күн батареясынын фермасы курулат.

Садыр Жапаров бул станция мурдагы совет өлкөлөрүндө биринчи болуп, дүйнөдөгү эң чоң 10 күн станциясынын катарына кирет деген үмүтүн билдирди. “Тору-Айгыр-1000” станциясынын курулушу жана ишке кириши менен жогорку маяналуу беш жүз жаңы жумуш орундары түзүлөт.

Азыр бул сыяктуу ондогон реалдуу долбоорлор бир эле учурда ишке ашырылып жатат. Келерки жылдын аягына чейин дагы бир топ ишканаларды ишке киргизилет.

Президент мындай олуттуу милдетти ишке ашырууда – жаркын келечекти камсыз кылууда, улуттук кыялыбызды орундатууда азыркы жаштар жөн гана кол жайып отурбастан, мамлекет менен тыгыз кызматташып, жигердүү иш алпарат деген бекем ишенимин айтты.

Садыр Жапаров жаштардын көңүлүн төмөнкү үч багытка бурууга чакырды, атап айтканда:

“Биринчиси – жаңыча билимдерди, инновацияларды жана технологияларды ыкчам өздөштүрүү багыты. Биз билим экономикасын курууга умтулушубуз керектигин өткөн жолку жаштар форумунда да айткан элем. Азыр да сиздерден өзүңүздөргө, билимиңизге инвестиция салууну суранам.

Бүгүн силердин колуңарда дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан маалымат алууга, электрондук форматтагы каалаган материалга жана билим алуу жаатында жүздөгөн колдонмолорго кирүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Жаштыгыңардын бир эле бөлүгүн окууга, билим алууга, өнөр үйрөнүүгө жумшай алсаңар, анын үзүрүн өмүр бою көрөсүңөр. Чыгармачыл ой жүгүртүүнүн, ойду ырааттуу билдирүүнүн, ишкердик көндүмдөрдү, каржылык сабаттуулукту өнүктүрүүнүн башаты китеп окууга такалат.

Экинчи багыт – улуттук биримдигибизди жана ынтымагыбызды чыңдоо. Биз аймагына, улутуна, социалдык абалына карап бөлүнбөшүбуз керек. Баарыңар бир Кыргызстандын жаштарысыңар. Келгиле, кыялыбыздагы Кыргызстанды куруу үчүн бир бололу! Ааламдашуу менен катар дүйнө өзгөрүп, руханий баалуулуктарыбыз, адеп-ахлагыбыз, нарк-насилибиз унутта калып бараткандай. Ар бир адамдын кадыр-баркы мыйзам жана мамлекет тарабынан эле эмес, бардык башка жарандар тарабынан да корголгон адилет коомду куруу ар бирибиздин максатыбыз болушу зарыл. Коомдо оройлукка орун болбошу керек, айрыкча, эже-карындаштарыбызды, энелерибизди коргоонун, урматтоонун, ар бир наристеге кам көрүүнүн, карыяларыбызга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын баса белгилеп кетейин. Өлкөбүздө агрессия жана ырайымсыздык үчүн эч кандай актоо жок жана болушу да мүмкүн эмес.

Үчүнчү багыт – ажайып кооз жаратылышыбызга, табиятыбызга аяр мамиле кылуу милдети турат. Тилекке каршы, биз баарыбыз глобалдык климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуубуз керек. Биз баарыбыз адаттарыбыз менен баалуулуктарыбызга маани берип, кайрадан карап чыгышыбыз керек дегенди билдирет. Сууну, электр энергиясын үнөмдөө, заманбап технологияларга өтүү жана, албетте, уникалдуу флора жана фаунабызды коргоо жаңы замандын жаштарынын адаттарына айланышы зарыл. Мүмкүн болушунча өзүбүздүн жашоо образыбызды сактап, кийинки муундун таза табиятта, жайлуу жашоосу үчүн зарыл болгон иш-аракеттердин баарын көрүшүбүз абзел”, — деп президент баса белгиледи.

Мамлекет башчысы билимди алып, татыктуу кесиптин ээси болуп чыгышы үчүн билим берүү тутуму менен кесипке даярдоо тармагына колдоону күчөтүүгө сөз берди. Экономиканын жаңы тармактарында жаштарды иш менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулат.

Ал жаш ишкерлерди колдоо боюнча өзүнчө мамлекеттик программа иштеп чыгуу тапшырмасын бергенин билдирди. Жаштардын улуттук жана жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кабыл алууга жана саясат жүргүзүүгө катышуусу үчүн мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилет.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жаштары менен сыймыктанарын жана алар мамлекетибиздин өнүгүшүнө чоң салым кошоруна бекем ишенерин айтты. Пандемия учурунда элибиздин саламаттыгы үчүн миңдеген ыктыярдуу жаштар кол сунуп, жардамга келишкени эсибизде. Өзгөчө Баткендеги куралдуу кагылышта Мекенибиздин чегин, элибиздин ар-намысын баатырларча коргогон эр жүрөк чек арачыларга, кырчындай азаматтарга таазим этип, эскерип өттү. Бул эр-азамат жаштардын элеси Кыргызстан элинин жүрөгүндө түбөлүк сакталат. Ал эми учурда биздин спортчуларыбыз эл аралык, дүйнөлүк мелдештерде байгелүү орундарды багынтып, кыргыз байрагын бийик желбиретип, өлкөбүздү дүйнө жүзүнө даңазалап келгенин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров сөзүнүн аягында жаш муун өкүлдөрүн биргелешип иштеп, мыйзам үстөмдүгү орногон, улуусун урматтап, кичүүсүн ызааттаган, инновацияларга толгон, туруктуу өнүгүү жолуна түшкөн коомду курууга чакырды.

Количество просмотров: 110