КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Марсбек уулу Ильич ээлеген кызматынан бошотулду.
Чечим КР “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муинципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктуна (ишеним жоготуу) ылайык кабыл алынды.
27-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Айыл чарба министринин орун басары Ильич Марсбек уулу жана мурдагы орун басары Амангелди Исаев кармалганын кабарлаган. Атайын кызмат айыл чарба азыктарын сыртка экспорттоодо бир нече жыл тоскоолдуктарды жаратып, бири-бири менен сүйлөшүп алган кызмат адамдарынын жана жеке компаниялардын уюшкан тобу аныкталганын билдирген. Тергөөнүн жүрүшүндө бул мыйзамсыз фактыларга Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин азыркы жана мурдагы орун басарынын тиешеси бар экени айтылган. Алар кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.