• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Камактагы Гүлзат Мамытбек ачкачылыгын токтотту

24 Жетинин айы 2021 15:25 Бишкек Govori.TV

Акыйкатчы аппаратынын кызматкери Бишкек шаарындагы №1 абакка камакка алынган Алымкулова Гүлзатка (Гүлзат Мамытбек) барды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Гүлзат Алымкулова акыйкатчынын өкүлү менен болгон сүйлөшүүдө бүгүнкү күндө өзүн жакшы сезип жатканын, дарыгерлер ага күн сайын «В», «С» витаминдери менен глюкоза тамчылатып жатканын, мамлекеттик органдарга жазган каттар (арыздар) жөнөтүлүп жатканын жана абактын администрациясына эч кандай даттануулар жок экенин билдирген.

«Камактагы Гүлзат Мамытбек кечээ, 23-ноябрдан тартып ачкачылыгын расмий токтотту»,- деп айтылат маалыматта.

Гүлзат Мамытбек буга чейин президентке жана мамлекеттик органдарга жазган каттары кабыл алынбай жатканына нааразы болгон. Ал нааразылык иретинде 14-ноябрда ачкачылык жарыялаган.

Количество просмотров: 1146