• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Камактагы Мелис Аспековдун жүрөгүнө операция жасалды

1 Аяк оона 2021 17:40 Бишкек Govori.TV

Тергөө абагында жаткан активист Мелис Аспековдун жүрөгүнө операция жасалды. Бул маалыматты 1-сентябрда Бишкектеги «Бикард» менчик клиникасынын башкы директору Турдали Заиров билдиргенин «Азаттык» жазды.

Маалыматка ылайык, Аспековго операция төрт күн мурда жасалган. Азыр жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду.

«Негизи операциядан кийин он күндүн ичинде жакшы болуп калышы керек. Азыр палатага чыкты, өзү басып жүрөт. Абалына карап анан кийинки чечим кабыл алынат», — деди Заиров.

№1 тергөө абагында отурган Мелис Аспеков инфаркт алып 11-августта ооруканага түшкөн.

Жарандык активисттер Мелис Аспеков менен Улан Жураев “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен быйыл 8-январда кармалган. УКМК экөөнө каршы Жазык кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-майда Улан Жураевди күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул салган.

24-майда Аспековго карата Жазык кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен дагы бир кылмыш иши ачылганы маалым болгон. 8-январдан бери УКМКнын тергөө абагында отурган Мелис Аспеков экинчи айып тагылгандан кийин, 21-майда №1 тергөө абагына которулган. Ал муну “коркутуу аракети” деп баалаган.

Количество просмотров: 1186