• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Абактагы Рита Карасартовага ооруканага барууга уруксат берилбей жатканы айтылды

22 Чын куран 202513:21 Бишкек Govori.TV

Абактагы укук коргоочу Рита Карасартовага ооруканага барууга СИЗО-1дин жетекчиси уруксат берген жок. Бул тууралуу Карасартованын кызы Касиет Мамырбай соцтармак баракчасына жазды.

Анын айтымында апасы ооруканага барып операциядан кийинки тигүү жиптерин алдырмак.

“Мурун жазганымдай, апама бүт жаагына оор операция жасалган. Негизи 3 саатка созула турган операция, токтобогон кан агууга байланыштуу 8 саатка созулган. Операциядан кийин бир жума бою, чыдагыс оорудан күнүнө 2-3 кетонал ичип, дээрлик ар түнү кан агуусу кайра кайра аккандан, уктабай чыкчу. СИЗО жетекчиси дарыгерди мекемеге киргизүүгө макул экенин айтты. Бирок мындай шартта бул өтө кооптуу. Эгер кайра кан токтобой ага баштасачы? Ал жерде ушундай операцияларга ылайыктуу жабдуу барбы? Кимге кайрылса болот? адамды 2-3 саатка клиникага алып келүү ушунчалык оорбу? “- деп жазган ал.

14-апрелдин кечинде Рита Карасартованын үйүндө тинтүү жүрүп, аны милиция кызматкерлери кармап кеткен. Андан соң ал 48 саатка кармалган. Ал эми Свердлов райондук соту Карасартованы 12-майга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

Количество просмотров: 358