Фейсбуктагы пикири үчүн соттолгон Эрнис Жээнтаевге апасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына барууга уруксат берилет.
Бишкекте гезит дизайнери болуп иштеген, социалдык тармактагы пикири үчүн камалган Эрнис Жээнтаевдин жакындары мунун алдында президент Садыр Жапаровдон ага апасынын жаназасына катышып, топурак салуусуна уруксат берүүгө көмөктөшүүнү суранып жатышкан.
Жээнтаевдин апасынын тажыясы Ысык-Көл районунун Темир айылында 28-февралда саат 11:00го белгиленди.
Эрнис Жээнтаев өткөн жылдын 10-ноябрында кармалып, быйыл 13-февралда Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен алты жылга абакка кесилген.