• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

«Камаш керек»… Орунбеков активист Атай Бейшенбектин билдирүүсүнө жооп берди

13 Тогуздун айы 202211:29 Бишкек Govori.TV

Буга чейин активист Атай Бейшенбек фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков менен жазыштым деген кат алышуунун сүрөттөрүн жарыялаган.

«Адамды камап коюш ушунча оңой болуп калды беле?! Түндө кызык окуя болду, Whatsapp номериме, 3-октябрда жазып, 10-октябрда чалган номурдан төмөнкүчө кат келди…
Эң кызыгы сүрөттү «переслать» кылган, а текст өзү жазган… Бул номер, президенттин маалымат саясатын жүргүзгөн эң башкы адам — Дайыр Орунбековго таандык… Эртең менен жолугуп сүйлөштүк, тыңыраак бул кылыгын түшүндүрүп бере алган жок, демек бул ойлор жеке өзүнөн чыккан деген шек менен эле калдым. Достор, дагы бир ирет белгилеп өтөйүн, кыргыз-өзбек чек ара маселесинде биз эки элдин ортосундагы чагымчылдыкка жол бербейли!», — деп жазган активист.

Ошондой эле ала өз билдирүүсүндө Садыр Жапаровго маалымат саясатына тез арада көңүл буруусун айтып, ал эми УКМК башчысы Камчыбек Ташиев менен ИИМ министри Улан Ниязбековго бул чагымчылдыкты ким тарабынан уюшулганын аныктоосун айткан.

Мындан көп өтпөй президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков бул билдирүүгө жооп кайтарды.

Ал да фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, активист Атай Бейшенбекке «популизмдин дагы чеги болуш керек» деп кайрылды.

«Жарандык активист Атай Бейшенбектин чек ара маселесине байланыштуу Өзбекстандын президентине жазган каты боюнча көп адамдар мага кайрылды. Ал, буга чейин протоколду ачыктагыла деген талаптарын такай жазып келген болчу. Коомчулуктан жаралган суроолорго жооп берүү максатында Президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөн районуна барып, элге маалымат берип келишкен. Ошол сапарда Атай Бейшенбекти дагы чакырып, чогуу алып барып көрсөтүп, маалымат ал деген сунуш болгон. Бирок Атайдан жооп болгон жок. Жолугушууда чек ара маселесиндеги сүйлөшүү биздин мамлекет үчүн пайдалуу болуп жатканы тууралуу маалыматтар айтылган. Бирок, суроолор кайра эле козголуп, улана бергендиктен, кечээ жакында Жогорку Кеңештин комитетинде дагы кайталап маалымат берүү болду. Сындап жаткандар, түрдүү көз караштагы жарандар ылгабай чакырылды. Ал жыйынга дагы Атай Бейшенбекти телефон чалып чакырдым. “Мага түз эфирде көрсөтүп бергиле, барбайм” деген жооп алдым.

Биз калып, эми Өзбекстандын президентинин чечимдерине аралашып, акыл үйрөтүп, талап кылып баштаптыр. Өзбекстан менен чечилип жаткан тилкелер бул көп жылдан бери келе жаткан көйгөй болчу. Жакшы билесиздер, бир нече жолу чыр-чатактар чыккан. Атышуунун кесепетинен адам каза болгон, такталбаган жерге кирип кетип, өзбек чек арачылары кармап алып кеткен учурлар көп катталган. Чек аранын чечилбеген кесепети эмне экенин көрдүк. Тажикстан менен болгон эки жолку кандуу окуяда адам каны төгүлдү. Эми чечүү аракети жакшы жыйынтыктарын берип жатканда, коомчулукту дүрбөтүп, маалыматтарды атайын бурмалап чуу жараткысы келгендер болуп жатат. Бизге акыл үйрөткөнү жетишпей жаткансып, өзбек кошуналарга чейин кийлигишкенге өтүштү.

Мындай кесепеттүү аракеттер албетте сүйлөшүүгө терс таасирин тийгизе турганын белгилейм. Активисттин Өзбекстандын ички саясатына аралашып, сунуш берүүсү, акыл үйрөтүүсү – өзбек элин алардын бийлигине каршы үгүттөө деп эсептейм. Ушундайлардын кесепетинен, өзбек тарап “кыргыздар бир пикирге келе албасаңар, “акылдууңар” көп экен, биздин саясатка аралашып баштады, аларды тыйгыла, чек ара маселесин кароону жылдыралы, же башынан карайлы”-десе эмне болот?

Мына ушуну эске алып, Атай Бейшенбекке кайрылдым эле. Себеби, анын жазганын соцтармакта бөлүшүп “чагымчылдык кылып жатат, камап салыш керек”,-деп талкуулап башташты.

Анын мазмуну, “Атай, обу жоктонбо. Чалса жооп бербейсиң, эки элдин мамилесин бузуп жатат, камап салбайсыңарбы деп ар ким кайрылып баштады”-деп жазгам. Бул экөөбүздүн ортодогу переписка болчу. Аны “скриншот” кылып алып, пост жазып салыптыр. Популизмдин дагы чеги болуш керек. Мындан тышкары жеке жазышкан катты жарыялоо адамдын тарбиясынын күзгүсү. Үйрөткөн акылдарын, айткан кеңештерин келип жардам бер, мамлекетке чындап эле күйүп жатсаң чогуу иштейли десең, уккусу дагы жок. Кызыгы, “скриншот” кылып жатканда өзүнө керектүү жерин гана жарыялаптыр. Толук мазмуну мындай. Кошуналар менен аймактарыбызды тактап, түбөлүк достукта жашайлыбы же “акыл үйрөткүчтөрдүн” чагымчыл аракеттерин ээрчийлиби?,-деген суроо көпчүлүктү кооптондурат. Башка маселеде популисттик чакырыктар менен өзүнө көңүл бурдурса мейли, абдан маанилүү саясатка аралашып, сүйлөшүүнүн натыйжасына терс таасирин тийгизгенге аракет кылгандарды, аша чапкандык деп эсептейм», — деп жазат Орунбеков.

Орунбеков белгилегендей, президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчисинде “тигини кама, муну кама” деп укук коргоо органдарына тапшырма бере турган ыйгарым укуктары жок.

Количество просмотров: 875