• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Камчаткада 22 адам учуп бараткан тик учак дайынсыз болууда

31 Баш оона 202416:09 Бишкек Govori.TV

Орусиядагы Камчатка жарым аралында бортунда 22 адам бараткан Ми-8 тик учагы дайынсыз болууда. Бул тууралуу “Радио свобода” Росавиацияга шилтеме берип жазды. Маалыматка ылайык, тик учакта 19 жүргүнчү жана үч экипаж мүчөсү бараткан.

“112” Телеграм-каналы тик учакта туристтер болушу мүмкүн экенин, маалымат дагы такталып жатканын билдирди.

Росавиация тик чак Вачкажец жанар тоосунун аймагынан Николаевка аймагына багыт алып баратканын, бирок Москва убактысы боюнча саат 07:15 чамасында экипаж менен байланыш үзүлгөнүн кабарлады.

Дайынсыз болуп жаткандарды издөөгө Ми-8 үлгүсүндөгү дагы башка бир тик учак чыкты.

Тергөөчүлөр бул окуя боюнча “Жол кыймылынын жана аба транспортун эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу” беренеси менен иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 151