Экс-депутат, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев бүгүн 9-июлда сакайып ооруканадан чыкканын билдирди. Өзүнүн айтымында дарылануусун үйдөн улантат.
«Элимдин дубасы, ак тилектери, АЛЛАХымдын жана ак халатчан баатырларыбыздын зор эмгектери бизди сактап калды! Баарыңыздарга ыраазымын, эми жашоом кайрадан башталды. Мындан кийинки өмүрүм элдики, баардыгын элге деп өтөмүн, бүгүнтөн баштап жардам берүүчүлөрдүн чоң армиясынын катардагы солдатымын! Жаша Кыргызстаным, дем ал, дем ал боордошум, ынтымакта жеңебиз!», – деп жазат.
Эске салсак, 4-июль күнү саясатчы оор абалда экени айтылган. Ага эки тараптуу пневмониянын оор түрү деп диагноз коюлган.