Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айылынын эки тургунуна УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жаңы үйдүн ачкычтарын тапшырды.
Бул тургундардын үйлөрү ушул жылдын жайындагы селден жараксыз абалга келген эле. Алардын үйлөрүн куруп берүүгө Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас сөз берип, ал убадасын аткарды.
Заманбап, бардык шарттары бар үйлүү болушкан жалгыз бой эне Айзат Акбаева менен Салмоорбек Утуровдордун үй-бүлөлөрүнүн кубанычтарында чек жок.
Бул жүрөк жылыткан окуяга айылдын эли, аксакалдары да ыраазы болушуп, үйсүз калгандардын жеңилин жерден, оорун колдон алып, жардам беришкен Ташиевдерге рахмат айтышып, ак баталарын беришти.
Эске салсак, аз мурда Садыр Жапаров Таймурас өзүнүн эсебинен селден жабыр тарткандарга үй куруп жатканын айткан.