УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4- бөлүгүнүн 1- пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ош облусунун А.М. жана Н.У.С. аттуу тургандары кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Шектүүлөр УКМК төрагасынын атын жамынып алып, жеке ишкерлерден ири суммадагы акча каражатын алышкан. Мындан тышкары, Ош облусунун тургуну М.Шга тиешелүү болгон Ош шаарындагы батирдин бир бөлүгүн жасалма документтер менен алышып, мыйзамсыз саткан.
Учурда кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, мыйзамсыз аракеттердин башка фактыларын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.