«Кемпир-Абад» ишинин дагы бир фигуранты Атай Бейшенбек Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүнө ачык жооп кайтарды. Ал Ташиевдин Кемпир Абад боюнча кылмыш ишин атаганы анын айтымында, фигуранттарга болгон кысымды эч ким актабайт.
«Камакта жатсак да күнү-түнү камераны тинтип, басым-кысым көрсөтүп, актоо өкүмүн чыгарган Биринчи Май райондук соту Марат Сыдыковго куугунтук кылганын ким танат?! Акыры Маратты кет деп, ал арызын жазганда Садыр Жапаров арызын артка кайтарганын ким танат? Камчыбек Ташиев 25 кишинин акталуусун мисал келтирем деп — бизге микрофон узатты, келгиле жооп берели», — дейт Бейшенбек.
Эскерте кетсек, Камчыбек Ташиев бүгүн ага карата козголгон кылмыш иши боюнча билдирүү жасады.
«Бул кылмыш иши боюнча менин юридикалык жактан толук коргонууга мүмкүнчүлүгүм бар жана АЛЛАХым буюрса, менин эч бир күнөөм жок, акталып чыгам. Кимдин күнөөсү болсо, ал жазасын тартат, ал эми таза болсо акталат. Себеби мамлекетибизде акыйкат сот системасын түзүүгө мамлекет башчыбыздын аракеттери көрүлгөн. Мисалы, 25 адамдан турган «Кемпир-Абадчылар» да акталышты. Ошондуктан баарыңыздарды мыйзамдын чегинде гана болууңуздарды суранамын. Эч кандай коомдук же башка адамдардын кыймыл аракеттеринин зарылдыгы жок деп эсептейм. Мен үчүн кыжаалат да, кабатыр да болбоңуздар. Ар бириңиздерге чоң рахматымды айтамын, ыраазычылык билдирем. Буюрса, баары жакшы болот», — деди Ташиев.