Канаданын ар кайсы шаарында соңку 48 саатта күндүн ысыгынан 100дөн ашуун киши каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазды.
Болжол менен бул адамдардын өлүмүнө күндүн кескин ысышы себеп болгон. Маркумдардын көбү — карыган адамдар, алардын өнөкөт оорулары бар болчу.
«Акыркы беш күн ичинде Британдык Колумбия провинциясында көз жумгандардын саны арбыды»,-деп айтылат маалыматта.
Канаданын метеорология бюросу билдиргендей, Альберта, Британ Колумбиясы жаа Саскачеван провинцияларында, андан тышкары Канаданын түштүк тарабында абанын температурасы +47 градуска чейин жетүүдө.