• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Каналдан 1 жашар наристенин өлүгү табылды

3 Кулжа 202210:17 Бишкек Govori.TV

Ош облусундагы Араван районунда 1 жашар наристе каналга түшүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, куткаруучулар жеткенге чейин эле наристенин жансыз денеси табылган.

«2-июнда куткаруучуларга аталган райондун Кесек айылында 2021-жылы туулган З. уулу Б. аттуу наристе каналга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 5 куткаруучу тартылып, алар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар баланын жансыз денесин табышып, туугандарына өткөрүп беришкен»,-деп билдиришти мекемеден.

Количество просмотров: 734