• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Каналга чөгүп кеткен жоокердин атасы уулу киши колдуу болгонун айтууда

26 Тогуздун айы 2021 17:24 Бишкек Govori.TV

Өзбек-ооган чек арасында кызмат өтөп жатып курман болгон жоокер Асадбек Файзуллаевдин атасы уулунун өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоону талап кылууда.

26-июлда Сурхандарыя облусунун Термез шаарындагы №9221 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан 20 жаштагы Асадбек Файзуллаевин сөөгү «Амузанг» каналында табылган.

Өзбекстан Аскер прокуратурасынын маалыматына караганда, Файзуллаев каналда сүзүп жүргөндө чөгүп кеткен. Бирок маркумдун атасы Анвар Шодиев баласын алгач өлтүрүп, андан соң каналга ыргытып жиберишкен деп эсептейт.

– Мен уулумдун сөөгүн көрдүм, денесинде көптөгөн жаракат, сынык бар болчу. Чөгүп кеткен кишиники андай болбой, – деди Анвар Шодиев.

Өлгөн жоокердик атасы ар түрдүү инстанцияга арызданып барганын, бирок кылмыш ишин козгоодон баш тартып жатышканын айтты.

Асадбек Файзуллаев 2021-жылы март айында аскерге чакырылган. Ал кызмат өтөгөн аскердик бөлүк жоокер өлгөндөн кийин анын жетекчилери эскертүү алганын маалымдады. Өзбекстандын Коргоо министрлиги өзбек армиясында «дедовщина» деген түшүнүк жок экенин билдирип келет.

Количество просмотров: 4796