• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Каналдан 20 жаштагы жигиттин сөөгү табылды

10 Теке 2023 14:38 Бишкек Govori.TV

Чүй районунун Жаңы-Турмуш айылында Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 20 жаштагы жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 5-июлда сууга түшүп кеткн К.М., аттуу жаранды издөөгө 49 куткаруучу тартылган. Алар бүгүн болжол менен саат 11:40та Алга жана Кошой айылынын ортосундагы көпүрөнүн астынан маркумдун сөөгүн таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми Чүй ОИИББден кабарлашкандай, 4-июлда Токмок ШИИБге 1988-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Ал 4-июлга караган түнү 2003-жылы туулган иниси үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айткан.

Аталган факты Токмок ШИИБге катталган. Тергөө-ыкчам тобу тарабынан окуя болгон жерге кароо жүргүзүү учурунда далил буюмдар табылып, Тергөө кызматы тарабынан 165-беренесинде көрсөтүлгөн (адам уурдоо) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, соттук-укуктук экспертизалар дайындалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө 1988, 1983 жана 1996-жылы туулган жарандар шектүү катары кармалган. Алдын ала алынган маалымат боюнча, шектүүлөр жабырлануучу жаранды ортодо чыккан уруштан улам үйүнөн алып чыгып, уруп-сабап, андан кийин колун жоолук менен байлап Чоң Чүй каналына ыргытып салышкан. Кармалгандар эки айга СИЗОго киргизилди.

Количество просмотров: 136