• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Канат Исаев Исмаиловага: Министр болгонго даяр эмес экенсиз

28 Тогуздун айы 2020 12:31 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министр кызматына Аида Исмаилованын талапкерлиги каралууда.

Анда Аида Исмаилова депутаттардын сынына кабылып, спикер Канатбек Исаев Исмаилова аталган кызматка даяр эмес экенин айтты.

«Жетектей турган министрликтин бюджетин билбейт экенсиз. Бара турган министрликтин аталышын туура эмес айтып жатасыз. Өзүңүз жетектеген министрликтер тууралуу маалыматыңыз жокко эсе. Сизге министрлик кызматын аркалаганга эрте даяр эмес экенсиз», — деди төрага Исаев.

Количество просмотров: 433