• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Канат Муратбеков: «ТЭЦти текшерүүгө укуктар жетишсиз…»

11 Бугу 2018 15:53 Бишкек Govori.TV
  1. Бишкек. 11.05. 2018. Govori.TV

«Бишкек ТЭЦиндеги кышка даярдык, оңдоп-түзөө, модернизацияны аягына чыгаруу иштерин текшерүү үчүн экотехинспекцияга укуктар жетишпей жатат». Бул сөздү Өкмөттүн кышка даярдык боюнча жыйынында  КРнын экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысы Канат Муратбеков айтты.

Анын белгилешинче, былтыркы авариянын кесепеттерин жоюу боюнча инспекция тыкыр текшерүү өткөрө албай келет. Себеби, бул жаатта мыйзамдар менен чектер коюлган.

«Жакында ТЭЦте химиялык уехтин курулушу тиешелүү документтери жок, уруксат кагаздарсыз башталып, биз мыйзам чегинде токтоттук. Былтыркы авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштер энергетиктер тарабынан жасала элек. Бизге текшерүүгө укуктарды кеңейтип берүүңүздү сурайм»,-деди ал.

Эске салсак, мыйзамдар боюнча, экотехинспекция ТЭЦти бир жылда бир жолу гана пландуу текшерүүгө ала алат.

Количество просмотров: 12