• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Канаты кайрылган Канатбек Исаев

5 Үчтүн айы 2018 17:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.01.2018.Govori.TV 

Бийликтин укуругу узун деген соз бекеринен айтылбаса керек. Эгер бийликтегилердин айтканынан чыкпай, алар менен табакташ болуп жүрсөң жакшынакай эле адамсың. Эгер бийлике каршы сүйлөсөң, бир заматта эле кылмышкер болуп чыга келесиң. Бат эле кылмыш иши табылып, тергелип, сот өкүм чыгарып салат. Мындай көрүнүшкө азыр таң калгандар деле жок.

Канатбек Исаев дагы бийликтегилер менен башында жакшы мамиледе болчу. Ошондо таянган тоосу  бийик, ыргыткан ташы алыс түшчү. Алыскы Бакиевдин заманына кетпей эле 2010-жылдагы революциядан кийинки карьерасына сарэсеп салсак, Бабановдун “Республика” партиясы менен парламентке келди. Фракция лидери, көпчүлүк коалициянын жетекчиси болду. Анан эле Бабанов менен кошо мандатын дагы  таштап, бийлик тарапка өтүп, Чүй облусуна губернатор болду.

2015-жылы  3 айдын ичинде “Кыргызстан” партиясын түзүп, парламенттик шайлоодо өтүп кетти. Эгер бийлик тараптан колдоо болбосо, мынчалык ийгилике жетишпесин баары түшүнүп эле турду.

Парламентке келгенден кийин Канатбек Исаев бир топ депутаттын мандатын зордуктап эле алып койду. Шайлоодо акчасын чачып, аягында баарынан куру-жалак калган аялдар, көк ташка көчүгүн коюп алып,  Канатбек Исаевди каргап отурганын ошондо көргөнбүз.

“Кыргызстан” фракциясы КСДПнын кичүү инисиндей болуп башынан коалициядан чыкпай келет. Фракция лидери Канатбек Исаев, Жогорку Кеңешке спикер болом деп чыгып, 50 депутаттын добушун алды. Атаандашы Бакыт Төрөбаев дагы 50 добуш алган. Ошондо бийлик жаш балдарды ойнотуп туруп, Чыныбайды төрага кылып койгон деген сөздөр бар.

Канатбек Исаев андан кийин деле бийлике жакшы кызмат кылып, атүгүл Конституциялык реформанын демилгечилеринин бири болуп чыккан. Анан эле бир күнү баарынан баш тартып, референдумга каршы чыгып баштады.

Ошо күндөн тарта Канатбек Исаевдин башына кар булут айланып, дароо Бакиевдин учурунда Токмокто мэр болуп тургандагы иштери иликтенип, базарга тийиштүү жерди жана китепканага тийиштүү имаратты сатып жиберген деп, кылмыш иши козголду.

Канатбек Исаев камака алынган жок. Тергөө, сот артынан сот болуп жаткан учурда Президенттик шайлоо дагы болуп калды. Канатбек Исаев шайлоодо мурдагы өнөктөшү Өмүрбек Бабановду колдоп чыкты. Жолугушууларда эле соз сүйлөбөстөн, активдүү агитатор болуп, атүгүл акча таратып жаткандыгын УКМК тараткан видеодон көрдүк.

Ошондо бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып тагылып, дароо камака алынган. Эки айдан бери УКМКнын подвалында отурат. Кечээ мурдагы иш боюнча соттун өкүмү чыкты. 12 жыл мурдагы иши эми төңкөрүш боюнча дагы канча жыл кошулат белгисиз. Ошентип кечээки эле бийлик менен колтукташып жүргөндөр бүгүн эле мынтип темир тор артында калды. Саясат же бар кылат же жок кылат деген эле ушул турбайбы.

Количество просмотров: 30