• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Каниметов: Үй карантиндин эрежесин бузган 65 адам жоопко тартылды

18 Бугу 2020 14:44 Бишкек Govori.TV

Үй карантининин талаптарын бузган 65 жаран жоопкерчиликке тартылууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө 28 миң 592 адам үй карантининде болууда. Анын ичинен 18 миң 28 адамга үй карантинин бузбоо талаптары коюлган.

«Үй карантинин бузган 65 адам жоопко тартылды. Алардын 35ине 3 миң сомдон айып салынган. 16 жаранга экинчи категорияда айып салынды. Ал эми 10 адамдын иши сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Санитардык эрежени бузганы үчүн бир жаран айыпталууда. Ал мыйзам боюнча 3 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн», — деп билдирди Канимеиов.

Количество просмотров: 41