• Шаршемби 10 Кулжа 2026
  • Среда 10 Июнь 2026

Кант кызылчасын жыйноо 98,3% пайызга аяктады

1 Бештин айы 202316:48 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда кант кызылчасын жыйноо 98,3% пайызга аяктады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл кант кызылчасы 13,1 миң гектарга себилип, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 4,1 миң гектарга же 45,3%га көп.

Кыргызстандын калкынын кантка болгон муктаждыгы жылына 153 миң тоннаны түзөт, бүгүнкү күндө өздүк өндүрүш 64,8% гана жабат, калганы өлкөгө импорттолот.

Акыркы 8 айда канттын экспорту 4906,5 тонна, импорт 36237 тоннаны түздү.

Количество просмотров: 125