• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Таласта кант кызылчасын кабыл алуу пункту иштей баштады

2 Тогуздун айы 202410:01 Бишкек Govori.TV

1-октябрдан тарта Талас облусунда Маймак кант кызылчасын кабыл алуу пункту иштей баштады.

Республиканын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында жыл сайын Чүй, Талас жана Ысык-Кул облустарында 3 миңге жакын фермер таттуу тамыр өсүмдүгүн (кант кызылчасы) өстүрүшөт. 2024-жылы 13,5 миң га аянтка эгилген кызылчанын түшүмдүүлүгү 666,6 центнер/га болуп, жалпы 900 миң тонна дүң түшүм алынары күтүлүүдө. Бул түшүмдөн 110 миң тонна ак кант өндүрүү пландалууда.

2024-жылдын февраль-март айларында Чүй облусунда кант кызылчасын өстүргөн дыйкан-фермерлер менен «Каинды-Кант» ачык акционердик коому ортосунда кызылчаны кабыл алуу пункттарына тапшыруу боюнча келишим түзүлгөн.

“Каинды-Кант” жана “Кошой” ачык акционердик коомдору тарабынан Чүй облусунда 1,6 миң гектардан түшүм жыйналып, орточо түшүмдүүлүк 695 центнер/гектарды түзүп, жалпы 111,2 миң тонна кант кызылчасы кабыл алинды. Анын ичинен:

-2024-жылдын 13 сентябрябрынан баштап Чүй-Токмок, Ивановка, Беловодск жана Каинды кабыл алуу пункттарында жалпы 66 466 тонна кызылча кабыл алынган;

-20-сентябрдан баштап Кемин, Кант Жана Сокулук кабыл алуу пункттарында 44,732 тонна кызылча кабыл алынган.

Ал эми Талас облусунда, 1-октябрдан баштап Маймак кант кызылчасын кабыл алуу пункту иштей баштайт.

Количество просмотров: 130