• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Кант шаарындагы чоң өрттө бир кытай жараны каза болгон

23 Жетинин айы 202414:50 Бишкек Govori.TV

Кант шаарындагы заводдун аймагында жайгашкан кагаз чыгаруучу “Милена” ЖЧКсында чоң өрт чыккан. Бул өрттү өчүрүүгө 4 күжүрмөн эсеп 5 өрт өчүрүүчү унаа, 1 суу ташуучу унаа тартылган. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн аракети менен саат 08:10до чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өрттүн болжолдуу аянты 1500 чарчы метр.

Тилекке каршы өрттүн кесепетинен 1 кытай жараны каза болгон. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 230