Кант шаарында 12 жаштагы кыз өмүрүн кыйды. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя Кант шаарындагы кичи райондорунун биринде болгон. Анда 2008-жылы туулган П.В.нын жансыз денеси эртең менен өз бөлмөсүндө табылган. Алдын ала маалыматка караганда, маркум кыз асынып алган.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүүдө.